super.kg logo

Ошто күйөөсүнүн токмогуна кабылган келин ооруканага жаткырылды

 
Ош шаарында жубайын сабоого шектелип 31 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 24-январда эртең менен саат 05:00 чамасында милицияга 26 жаштагы келин ооруканага жаткырылганы, ал жолдошу тарабынан ур-токмокко алынганы тууралуу кабар түшкөн.
"Шектүү мас абалында болгон. Учурда тиешелүү текшерүү иштери жүрүп жатат. Атайын экспертизалар дайындалат. Алгачкы тергөөнүн маалыматына караганда, жабырлануучу аял күйөөсүнөн качып баратып жыгылып, денелери жабыркаган. Учурда ооруканада.
Дарыгерлердин маалыматына караганда абалы канааттандырарлык. Тергөө ишинин жүрүшүндө аныкталган жаңы жагдайлар боюнча кошумча маалымат берилет. Күйөөсүнүн мыйзамсыз аракеттерине сөзсүз тиешелүү юридикалык баа берилет", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: