super.kg logo

Өкмөт башчы кол алдындагылары менен Ала-Арчада жөө жүрүшкө чыкты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өкмөт мүчөлөрү жана президенттин администрациясынын кызматкерлери менен биргеликте Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркына жөө жүрүшкө чыкты.

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, иш-чара сергек жашоого үндөө, мамлекеттик кызматкерлердин арасында командалык маанайды бекемдөө, айлана-чөйрөнү коргоо жана ички туризмди өнүктүрүүгө көңүл буруу максатында уюштурулган.

"Жөө жүрүштүн алкагында Адылбек Касымалиев активдүү эс алуунун баалуулуктарын жайылтууда жетекчилердин жеке үлгүсү маанилүү экенин белгиледи. Жөө жүрүшкө катышкандар парктын корголуучу аймагынын инфраструктурасынын учурдагы абалы менен таанышып, өлкөнүн жаратылыш мурастарын кылдаттык менен башкарууга байланышкан маселелерди талкуулашты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: