super.kg logo
  Саясат  

Экс-депутат Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкканы айтылды

 

Камакта жаткан экс-депутат Кубанычбек Кадыров үй камагына чыкты. Бул тууралуу "Азаттык" анын жактоочусу Асел Аргынбаевага таянып жазды.

Маалыматка ылайык, “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен шек саналып кармалган саясатчы 24-январда Биринчи Май райондук сотунун токтому менен үй камагына чыккан.

Жактоочу Ички иштер министрлигинин тергөөчүсүнө Кадыровдун бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча арыз жазганын, кийин тергөөчү сотко өтүнүч келтирип, судья аны канааттандырганын айткан.

Белгилей өтсөк, былтыр ноябрь айында кезексиз парламенттик шайлоо бүткөндө массалык башаламандыктарды уюштурууну көздөшкөн деген шек менен 10 адам кармалган. Алардын арасында Кубанычбек Кадыров да бар болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: