Жол талашып, уруша кетишкен. Өзгөндө адам өлтүрүүгө шектүү кармалды
Ош облустук милициясы Өзгөн районунда адам өлтүрүүгө шектүү жаран кармалганын билдирди.Милиция билдиргендей, 24-январда Өзгөн РИИБине аймактык ооруканадан 26 жаштагы жаран Э.М. учтуу нерседен оор жаракат алып, каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Шектүү катары 32 жаштагы Х. уулу С. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала маалымат боюнча, маркум Э.М. менен шектүү Х.уулу С. автоунаа жолун талашып уруша кетишкен. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















