Индияда дарылоого мүмкүн болбогон "Нипах" вирусунун очогу катталды
Чет элдик басылмалар Индиянын Калькутта шаарына жакын жерде дарылоого мүмкүн болбогон "Нипах" вирусунун очогу аныкталганын жазышууда.
Анда маалымдалгандай, жалпысынан инфекциянын беш учуру (үчөө бул аптада) аныкталган.
The Independent гезитинин жазганына караганда, инфекциянын биринчи учуру 19-январда катталган. Бейтаптардын үчөө чыгыш Калькуттагы ооруканаларга жаткырылды. Дагы эки бейтап жеке клиниканын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Учурда 100гө жакын адам карантинде.
Вирусту жуктургандардын арасында дарыгер, медайым жана медициналык мекеменин кызматкери бар экени кабарланды. Өлкө бийлиги Батыш Бенгалия штатында вирустун жайылышын токтотуу үчүн чараларды көрүп жатат.
"Нипах" вирусу адамга жаныбардан жугат, ошондой эле булганган тамак-аш аркылуу же түздөн-түз адамдан адамга жугушу мүмкүн. Инфекциянын биринчи белгилеринин арасында баш оору, уйку басуу, андан кийин кээ бир учурларда курч респиратордук синдром жана мээнин сезгенүүсү пайда болот. Көп учурда бейтап комага түшүп, өлүп калышы мүмкүн. Азырынча бул вируска каршы вакцина жок.
Вирус биринчи жолу 1999-жылы Малайзияда аныкталган. Ал учурдан бери оорунун 12 очогу катталып, анын баары Түштүк Азияда жайгашкан. Вирус менен 300 адам ооруп, алардын 100дөн ашыгы каза болгон.
Индияда акыркы жолу бул вирус 2024-жылдын июль айында катталган.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















