Монголия президенти кыргыз элчиси Артыкбаевди "Достук" медалы менен сыйлады
Монголиянын президенти Ухнаагийн Хүрэлсүх кыргыздын аталган өлкөдөгү элчиси Айбек Артыкбаевди "Достук" ("Найрамдал") медалы менен сыйлады. Тиешелүү тескеме монгол президентинин расмий сайтына жарыяланды.
Сыйлыкты элчиге 24-январда президенттин тышкы саясат боюнча кеңешчиси Эрдэнэбилэгийн Одбаяр тапшырган.
Бул сыйлык ага эки мамлекеттин ортосундагы эки тараптуу мамилелерди жана кызматташтыкты чыңдоого, анын ичинде эки элдин ортосундагы достукту өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн берилген.
Белгилей кетсек, Артыкбаев Монголиядагы Кыргыз элчиси болуп 2023-жылы 8-июлда дайындалып, ушул жылдын 22-январында кызматынан бошотулду. Анын ордуна буга чейин АКШдагы элчилик кызматты аркалаган Айбек Молдогазиев дайындалды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:19
2026-02-13
12:9
2026-02-13
11:05
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















