"Табакташ же дос болгонсуп сүйлөп..." Чыңгыз Айтматовдун карындашы элге кайрылды
Улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы, коомдук ишмер, билим берүү тармагынын эмгек сиңирген кызматкери Роза Айтматова акыркы күндөрү интернет мейкиндигинде жана коомчулук арасында айтылып жаткан кептерге тынчсыздануусун билдирип, "Кабар" агенттигине маек берди.
"Агамдын көзү өткөнүнө 17 жыл болсо да, маркумдун жанын койбой, айрымдары аны сөз кылып, табакташ же дос болгонсуп сүйлөп, аны сынга алышыптыр. “Көзү өтүп кеткен адам жөнүндө жаман сөз айтууга болбойт” дешет элде, бирок болор иш болду. Агамды тынч жаткан жеринен бир козгоптурсуңар… Бир кезде, 1991-жылы Ата-Бейит ачылганда, атамды жазыксыз аткандарды да кечиргем. Бул адамдарды да кечирдим. Бирок ички туюмумда, булар кыргыз элине каршы иш жүргүзүп, элдин ортосуна чок салып жатышат. Балким, максаттары ошолбу, ким билет? Баарын Кудайга калтырдым... Мен быйыл 89 жашка чыгам. Көп нерсени башымдан өткөрдүм: жакшысы да болду, жаманы да болду. Турмуштун өйдө-төмөнүн да көрдүм. Бирок бирөө да мени ушунчалык катуу кайгыга салган жок эле... Атам камалып, атылып кеткенден кийин биздин үй-бүлө өтө оор шартта жашады. Ачарчылыкты да, жокчулукту да көрдүк. Абдан кыйналдык. “Эл душманынын балдары” деп совет өкмөтү бизди катуу кордоду. Бирок кыргыз элиме чоң рахмат! Атамдын туугандарына рахмат! Шекер элине, Талас элине миң мертебе ыраазымын! Алар болбосо, бар болот белек… бир гана Кудай билет. Элдин аркасы менен аман калдык",- деп билдирди ал.
Айтматова апасы тууралуу да айтып, кыргыз экенин тааныткан адам ошол болгонунун белгиледи.
"Апама да өзгөчө рахмат. Эч нерсеге карабай бизди бутка тургузду. Тилекке каршы, ага да асылгандар болду, азыр да бар... Апам - баатыр аял. Төрөкулдун балдарын Шекерге алып келип: “Силер кыргызсыңар, элиңер менен болгула!”- деп эл-журтка кошуп, элибиздин ичинде бизге тарбия берди. “Чыңгыз, Илгиз балдарым, кыздарым, силер Төрөкулдун балдарысыңар. Силер кытай уруусунун урпактарысыңар. Башыңарды бийик көтөрүп жүргүлө. Кайда болсоңор да, атаңардын атын уят кылбагыла”,- деп турар эле раматылык апакем. Эки агам тең, эжем дагы өз өмүрлөрүн эл-жерибизге арнады. Алардан жаманчылык көргөн ким бар, айткылачы? Чыңгыз агама иттин өлүгүн артып, бардыгына күнөөлүү кылып жатышканы мени кайгыртты",- деп кошумчалады Айтматова.
Ошондой эле ал Чыңгыз Айтматовдун “Манас” эпосун дүйнөгө таанытканын, Совет өкмөтү менен карама-каршы жүрүп кыргыз мектептеринин Бишкекте ачылышына көмөк көрсөткөнүн билдирди. Жана да интернетте болуп жаткан ушак-айыңдардын бирөө да чындыкка жатпай тургандыгын кошумчалады.
Эскерте кетсек, Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун подкастына интервью берип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына баа берген. Андан соң коомчулукта түрдүү карама-каршы пикирлер айтыла баштады. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, Маданият министрлигине бул окуяга укуктук баа берүү тапшырмасы берилди. Бул арада Кыязов УКМКга чакыртылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















