super.kg logo

Артынан кубалатып... Бишкекте Lexus 570тин ээси кармалды

 

Бишкекте жол тескөөчүлөрдөн качкан айдоочу кармалды. Бул тууралуу милициянын Кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 25-январда түнкү саат 02:00 чамасында Lexus 570 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жол тескөөчүлөрүнүн токтотуу аракетине карабай качып жөнөгөн. Натыйжада, кууганга туура келген. Аны тосуп токтотушканда, айдоочу унаасын таштап, жөө качып жөнөгөн. Бирок жол тескөөчүлөрү тарабынан кармалып, наркологиялык борборго жеткирилген. Медициналык текшерүүдө анын спирт ичимдиктерин колдонгону тастыкталды.

Качууга аракет кылуу учурунда айдоочу жол кыймылынын эрежелерин 15 жолу бузган. Унаа айып короого токтотулуп, айдоочуга карата 85 миң сом өлчөмүндө протокол түзүлгөн. Транспорт каражатын башкаруу укугунан ажыратуу маселеси боюнча материалдар сотко өткөрүлдү.






Бишкекте жол тескөөчүлөрдөн качкан Lexus 570тин ээси кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: