Айтматов эмне үчүн чыгармаларын кыргызча жазбай калганы боюнча карындашы түшүндүрмө берди
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова коомчулукка кайрылуу жасады. Ал жазуучу тууралуу кеп-сөздөргө чекит коюу максатында "Кабар" агенттигине маек берди.
Роза Айтматова жузуучунун чыгармалары 185 тилге которулганын, жазган китептеринин саны боюнча Шекспир менен Толстойдон кийин үчүнчү орунда экенин белгиледи. Ошондой эле улуу жазуучунун чыгармаларды кыргыз тилинде жазбай калган себебин айтты.
"1957-жылы агамды кыргыз эле айрым совет чиновниктери катуу куугунтукка алышкан. “Бул Айтматов деген жаш бала совет идеологиясына каршы чыгып, совет адабиятына дүрбөлөң салып жатат, жоготкула аны!”, - деп Москвадан кат келген дешет. “Бөрк ал десе, баш алган” жергиликтүү чиновниктер ага асылып, ооруганга чейин жеткиришкен. Китептерин чыгарбай коюшкан, кемсинтишкен. Атүгүл, апама: “Чыңгыз балаң күйөөң Төрөкулдун тагдырын кайталайт. Ошого жеткиребиз керек болсо. Токтотсун жазганды!”, - деп кетишиптир. Ошол сөздү уккан апамдын абалын элестетип көрсөңөр эми. Чыңгыз акем болсо төшөктөн тура албай, көпкө ооруп жүрдү. Ошол жылы атамды реабилитация кылышкандан кийин гана жакшы болуп кетти. Атабыздын арбагы колдоду окшойт. Ошондо агамды кордогон адамдардын атын айтпай эле коёюн. Аларды да кечирдим. Агам куугунтукка алынып, кыргызча жазганга шарты ошол үчүн болбой калган. Биз өзүбүз, кыргыздар, китеп жаздырбай, ага бут тосконбуз. Ал көпкө айласын таппай, эмне кыларын билбей жүрдү. Ошондо Александр Твардовский деген орустун улуу акыны кыргыз чиновниктери Чыңгызга жол бербей жатканын билип, аны колдоп чыккан: “Чыңгыз, сен орусча жаз. Мен сени “Новый мир” журналына чыгарып турам. Ошондо сенин байкелериң сага сөз тийгизе албайт”,- деген. Мына ошондон кийин агам орусча жазып баштаган",- деди Роза Айтматова.
Карындашы жазуучу кыргыз тилин суудай билгенин белгилеп өттү.
"Менин билишимче, анын чыгармалары Кыргызстанда 15 жылдай басылган эмес, жалаң Орусиядан чыккан. Мен муну далилдеп бере алам. Болбосо, Чыңгыз агам Шекерде чоңоюп, элеттиктердин ичинде жүрүп, өз эне тилин суудай эле билчү. Алгачкы китептерин кыргызча жазган. Эне тили үчүн далай чабышкан, сыймыктанып, даңазалап турган. Кыргыз эли Айтматовдун жакшылыгын көрбөсө, жамандыгын көргөн жок. Ар бириңерге жаны менен күйгөн адам болгон",- деп кошумчалады Айтматова.
Жазуучунун 1990-жылдары эл кыйналып жатканда Европада жүргөндүгүн айткандарга да жооп узатты.
"Европада кыргыздын элчиси болуп иштеп, эң биринчи Батыш менен Кыргызстандын байланышын түзгөн адам болгон менин агам. Францияга, Бельгияга, Англияга, Германияга “Орто Азияда менин элим бар. Биз, кыргыздар, кичинекей эл болсок да, силер менен теңата мамиле түзгөнгө кудуретибиз жетет” деп жаңы телчигип келаткан республикабыздын эл аралык мамилелерди түзүүсүнө чоң өбөлгө түзгөн. Ал өзүнчө тарых, агамдын элчилиги",- деп белгиледи.
Эскерте кетсек, Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун подкастына интервью берип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына баа берген. Андан соң коомчулукта түрдүү карама-каршы пикирлер айтыла баштады. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, Маданият министрлигине бул окуяга укуктук баа берүү тапшырмасы берилди. Бул арада Кыязов УКМКга чакыртылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















