Бишкектин түндүк айланма жолундагы үч эстакадалык көпүрө колдонууга берилди
Кечээ, 25-январда Бишкектин түндүк айланма жолундагы үч эстакадалык көпүрө колдонууга берилди. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.
Транспорт министри Абсаттар Сыргабаев Алмата - Бишкек - Ташкент жолунун 230-236-чакырымдар аралыгында жайгашкан эки деңгээлдүү үч жол түйүндөрү жазында толук кандуу колдонууга берилерин белгиледи. Анын айтымында, азыр курулуш иштери толук бүтө элек. Бирок төшөлгөн топурак ныкталышы үчүн колдонууга берилген. Жазында асфальт төшөлмөкчү.
"Азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан кышкы курулуш нормаларын сактоо менен калган тилкелерде жер жумуштары уланууда",- деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл аталган жолдун 15 чакырымы тагыраагы, Алмата - Бишкек - Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек - Нарын - Торугарт жолунун 9,1 чакырымын реконструкциялоо иштери аяктайт деп күтүлүүдө.
Бишкектин түндүк айланма жолундагы үч эстакадалык көпүрө колдонууга берилди
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:55
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















