super.kg logo

Ысык-Көлдө курулуп жаткан күн электр станциясы августта ишке берилет

 
Кечээ, 25-январда энергетика министри Таалайбек Ибраев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барып, күн электр станцияларынын курулуш иштерин текшерди.
Энергетика министрлиги кабарлагандай, Ибраев алгач Тору-Айгыр аймагында "Юнигрин" компаниясы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясынын иши менен таанышкан. Анда компаниянын техникалык директору Тимурлан Кадинов аткарылып жаткан иштер, алдыдагы пландары тууралуу маалымат берген. 100 мегаваттык күн электр станциясын 31-августка чейин ишке киргизүү пландалууда.
Мындан тышкары, энергетика министри "РЭЦА" ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан күн электр станциясын текшерген. Анда 175 мегаваттык күн электр станциясын куруу иштеринин 10 пайызы бүтүп калганы айтылган. Аталган станциянын биринчи фазасынын курулушун быйылкы жылдын биринчи жарымында аяктоо пландалууда.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: