Дүйнөгө белгилүү TikTok жылдызы Хаби Лейм өз жүзүн бир миллион долларга сатты
Дүйнөгө белгилүү TikTok жылдызы Хаби Лейм өз жүзүн бир миллион долларга жакын акчага сатты. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, америкалык Rich Sparkle Holdings компаниясы блогер менен 975 миллион долларлык келишим түзгөн. Анда аталган компания үч жыл бою бардык киреше агымдарын блогердин аты менен жарнамалай алат. Мындан тышкары, Хаби Леймдин жасалма интеллект аркылуу жасалган видеолорун колдоно алышат.
Аталган компания блогердин жарнамалары жана видеолору аркылуу бир жылда 4 миллиард долларга чейин киреше таба аларын болжолдогон.
Учурда Хаби Леймдин TikTok'тогу баракчасы аталган социалдык тармактагы эң көп катталуучусу бар баракча. Анда 160 миллиондон ашык катталуучу бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:08
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















