Кандай өзгөрүүлөр болот? Бишкектин башкы планы коомдук талкууга коюлду
Министрлер кабинети 2050-жылга чейинки Бишкек шаарынын башкы планын бекитүү жөнүндө токтомдун долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Токтомдо башкы план заманбап демографиялык жана социалдык-экономикалык тенденцияларды эске алуу менен иштелип чыкканы белгиленген. Анда борбор калаада учурда 1 миллион 321 миң адам жашаса, 2050-жылга карата болжолдуу көрсөткүч 1 миллион 920 миң адамга жетери айтылат. Бул дегендик өсүү шаардык инфраструктуранын бардык элементтерин комплекстүү жана алдын ала өнүктүрүүнү талап кылат.
Башкы планда 41 миң 81,33 гектар аймакты камтыган Бишкек шаарын жаратылыш, санитардык жана башка чектөөлөрдү эске алуу менен рационалдуу пайдалануу, ошондой эле турак жай, коомдук-ишкердик, өндүрүштүк жана рекреациялык курулуштарды өнүктүрүү үчүн резервдерди түзүү каралган.
Экономикалык жактан өнүктүрүүдө төмөнкүлөр пландалган:
- шаардын эмгек ресурстарынын санын 1 миллоин 179,1 миң адамга чейин көбөйтүү;
- иштеген калктын санын 593,9 миң адамдан 943,3 миң адамга чейин өстүрүү;
- өнөр жайда, транспортто, курулушта, социалдык чөйрөдө жана тейлөө тармагында 349,4 миң жаңы иш орундарын түзүү.
Транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүнү боюнча:
- "Манас" аэропортун реконструкциялоо;
- шаарды айланып өтүүчү унаа жолун түзүү;
- курулуш аймактарын айланып өтүүчү темир жол магистралдык линиясын куруу;
- көчө-жол тармагын, транспорттук-өткөрүү түйүндөрүн, автобекет жана темир жол станцияларын өнүктүрүү;
- коомдук жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортту артыкчылыктуу өнүктүрүү.
Башкы планда ошондой эле жогорку ташуу жөндөмдүүлүгү менен тез жүрүүчү коомдук жүргүнчүлөр транспортунун үч тутумун түзүү каралган:
- "Батыш - Борбор - Чыгыш" багыты боюнча шаар ичиндеги темир жол транспорту;
- жеңил рельстүү транспорт (трамвай);
- метробус.
"Шаардын экологиялык абалын жакшыртуу максатында, башкы план менен ошондой эле, жашылдандырылган аймактардын, суу объекттеринин жана шаардык түзүмгө интеграцияланган, экологиялык туруктуулукту жана калктын жашоо-тиричилигинин жагымдуу шартын камсыз кылган экологиялык коридорлордун бирдиктүү системи катарында жаратылыштык-экологиялык каркасты өнүктүрүү каралат",- деп айтылат токтом долбоорунун негиздеме-маалымкатында.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















