super.kg logo

Таласта төө буурчак протеини чыгарылууда

 
Таластык ишкер Русланбек Кенжалиев алты жылдык изилдөө жана тажрыйбанын негизинде төө буурчактан жасалган экологиялык таза протеин иштеп чыкты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда өндүрүш толугу менен кол эмгегине негизделип, айына 1,5 тонна продукция чыгарылууда, бирок суроо-талап мындан бир топ жогору.
Ишкердин айтымында, продукция кант диабетинен жабыркаган адамдарга, спортчуларга жана туура тамактанууну кармангандарга өзгөчө пайдалуу. Төө буурчак протеини кан шекерин төмөндөтүүгө, организмди тазалоого, энергияны көбөйтүүгө жардам берет. Продуктка Коргоо министрлиги да кызыгып, аскерлер үчүн азык катары колдонуу боюнча алдын ала сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнү айтылууда.
Өндүрүштү кеңейтүү үчүн ишкер HACCP стандарттарына жооп берген цех курууну пландоодо. Цех ишке кирсе, өндүрүш көлөмү айына 20 тоннага чейин жетип, жергиликтүү фермерлер үчүн туруктуу рынок түзүлөт деген ишеним жогору.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: