Чыңгыз Айтматовдун карындашы агасынын Ош окуясы жана Акаевге байланыштуу позициясын айтты
Акыркы убакта коомчулукта “1990-жылдагы Ош окуясында Чыңгыз Айтматов өзбек тарапта болгон” деген дооматтар айтылганына байланыштуу жазуучунун карындашы, коомдук ишмер Роза Айтматова "Кабар" агенттиги аркылуу коомчулукка кайрылып, өз түшүндүрмөсүн берди.
Анын айтымында, Ош коогалаңы учурунда Чыңгыз Айтматов Москвада болгон жана кырдаал курчуп, эки элдин ортосунда чоң согуш чыгып кетпеши үчүн Өзбекстандын ошол кездеги президенти Ислам Каримов менен шашылыш жолугушууга аргасыз болгон. Ал түз эле Ташкентке учуп барып, эки элдин тектеш экенин, жаңжал бүтүндөй Орто Азияга коркунуч туудурарын эскерткен. Натыйжада Ислам Каримов Кыргыз чек арасынан бир да аскер кирбейт деп убада берип, аны аткарган.
Роза Айтматова бул аракет Чыңгыз Айтматовдун элдердин ынтымагын сактоого кошкон чоң салымы экенин белгилеп, аны чыккынчылык катары баалоо адилетсиз экенин айтты.
Ошондой эле ал Чыңгыз Айтматов Аскар Акаевди президент кылып шайлаткан деген сөздөрдү да четке какты. Анын айтымында, Акаевди Жогорку Кеңеш депутаттары өз алдынча шайлашкан, ал эми Айтматов болгону сунуш айткан.
Роза Айтматова коомчулукту президенттерди, улуттук символдорду негизсиз жамандоодон алыс болууга чакырып, мындай көрүнүш элдин биримдигине доо кетирерин белгиледи.
Мындан тышкары, ал Чыңгыз Айтматовдун динге болгон мамилеси тууралуу да кеп козгоп, “Айтматов динден алыстаган” деген пикирлерди жалган деп атады. Анын айтымында, Айтматов мусулман үй-бүлөсүндө тарбияланып, ислам динин сыйлаган, ыйманды жогору баалаган инсан болгон. Анын чыгармалары да адамгерчиликке, ыйманга, руханий тазалыкка үндөйт.
Соңунда Роза Айтматова коомчулукту Чыңгыз Айтматовдун ысымын саясий талаш-тартыштарга аралаштырбоого, улуу жазуучунун арбагын тынч коюуга чакырды. Ал ошондой эле Айтматовдун 100 жылдыгына бөлүнчү каражаттарды элдин социалдык абалын жакшыртууга жумшоо чыныгы урмат-сый болмок деген оюн билдирди.
Эскерте кетсек, Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун подкастына интервью берип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына баа берген. Андан соң коомчулукта түрдүү карама-каршы пикирлер айтыла баштады. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, Маданият министрлигине бул окуяга укуктук баа берүү тапшырмасы берилди. Бул арада Кыязов УКМКга чакыртылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















