super.kg logo

Зеленский үч тараптуу жолугушуу боюнча үн катты

 

Украинанын президенти Владимир Зеленский жума жана ишемби күндөрү Абу-Дабиде өткөн Украина, Орусия жана АКШнын делегациялары катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына комментарий берди. Бул тууралуу BBC маалымдады.

Литванын президенти Гитанас Науседа жана Польшанын өлкө башчысы Кароль Навроцкий менен Вильнюсте өткөн биргелешкен басма сөз жыйынында Зеленский БАЭде согушту токтотуу боюнча 20 пункттан турган план жана “көйгөйлүү маселелер” талкууланганын айтты. Бул план АКШ тарабынан өткөн жылдын аягында иштелип чыгып, кийин бир нече жолу толукталган.

Зеленскийдин айтымында, талаштуу суроолор көп болгон, бирок алардын саны азайган. Ошол эле учурда ал Орусия өлкөнүн чыгыш аймактарында Украинанын болушун каалабай жатканынын белгиледи. Бирок президент Украинанын аймактык маселедеги позициясы өзгөрбөгөнүн баса белгилеп, өлкө өз жерин коргоп жатканын айтты.

Ошондой эле Зеленский Украина АКШ жана Европадан коопсуздук кепилдиктерин күтүп жатканын билдирди. Анын айтымында, мындай кепилдиктер согуштун качан аяктай турганын так аныктоого шарт түзөт. АКШ менен эки тараптуу коопсуздук келишими толук даяр экенин, эми кол коюу датасы менен орду күтүлүп жатканын айтты.

Буга чейин АКШ президентинин атайын өкүлү Стив Уиткофф коопсуздук кепилдиктери боюнча документ дээрлик даяр экенин, бирок бир маанилүү маселе макулдашыла электигин билдирген.

Зеленский АКШ жаңжалды токтотуунун жолун издеп жатканын айтып, мүмкүн болгон компромисс бардык тараптар үчүн кабыл алынуучу болушу керектигин кошумчалады.

Эскерте кетсек, үч өлкөнүн ишенимдүү өкүлдөрү Аба-Дабиде согуш башталгандан бери алгачкы ирет жолугушту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: