super.kg logo

Бишкек мэри Свердлов районуна жаңы кошулган аймактардын тургундары менен жолугушту 

 

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаарга жаңы кошулган аймактардын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу калаа мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Свердлов районуна кирген МТФ-2, Нур-Кожо, Ак-Бата, Ак-Жар, Лебединовка, Аламүдүн, Төмөнкү Ала-Арча жана 305-МАБ аймактарынын жашоочулары катышкан.

Анда мэр жол куруу иштеринин жүрүшүндө мэрия тарабынан мыйзамсыз жайгашкан чарбалык объекттер жана жаңы курулган фундаменттер алынарын, бирок мыйзамсыз деп табылган турак жайлар буга чейин бузулбагандыгын жана мындан ары да бузулбай турганын белгилеген. Мындан тышкары, бир катар социалдык жана инфраструктуралык маселелер көтөрүлүп, өзгөчө таза суу, канализация, жолдордун абалы жана коомдук транспорттун жетишсиздиги негизги көйгөй катары белгиленген.

"Президенттин тапшырмасына ылайык, жаңы кошулган аймактарды өнүктүрүү максатында 2030-жылга чейинки атайын программа иштелип чыккан. Аталган программага ылайык жалпы каржылоо көлөмү болжол менен 9 миллиард сомду түзөт. Быйыл бул программанын алкагында иштер башталып, 2,5-3 миллиард сомго жакын каражат тартылган",- деп жазылган маалыматта.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: