super.kg logo

Оштогу “Келечек” базарынын курулуш иштери акыркы этапта жүрүүдө (видео)

 
Ош шаарындагы “Келечек” базарынын курулуш иштери акыркы этапта жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэрия билдирди.
Маалыматка караганда, мэр Жеңишбек Токторбаев тарабынан жаңы “Келечек” базарын март айында пайдаланууга берүү боюнча тапшырма коюлган. Анын алкагында Ош шаардык базарлар дирекциясы менен соода жайларынын ээлеринин ортосунда келишимдер түзүлүп, соода орундарын номерлөө иштери жүргүзүлгөн. Учурда соода жайларынын ээлери тарабынан тиешелүү даярдоо иштери аткарылууда.
Бүгүнкү күндө курулуш иштеринин акыркы этаптары жүргүзүлүп жатат. Өрт коопсуздугун камсыздоо максатында ар бир чатырдын алдына өрт кырсыгы учурунда суу алуу үчүн гидранттар орнотулуп, алдын алуу чаралары көрүлүүдө.
Курулуш иштеринин жүрүшү Ош шаарынын мэриясынын Борбордук базарлар дирекциясы муниципалдык ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүүдө.





Оштогу жаңы “Келечек” базарынын курулуш иштери акыркы этапта

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: