super.kg logo

Роза Айтматова агасынын 100 жылдыгына бөлүнчү каражатты социалдык багытка жумшоону сунуштады

 

"Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгына бөлүнчү каражатты элдин социалдык абалын жакшыртууга жумшоо чыныгы урмат-сый болмок". Мындай пикирин жазуучунун карындашы Роза Айтматова "Кабар" агенттигине берген маегинде айтты.

"Чыңгыз агамдын 100 жылдык мааракесин деле өткөрбөй эле коёлу деп өкмөттөн суранайын деп жатам. Анткени бул кетиште артынан дагы: “Айтматовдун 100 жылдык мааракесине бөлүнгөн каражаттарды башка жакка жумшаса болмок”,- деген сөздөр чыгарына көзүм жетип турат. Ошондуктан алдын ала өкмөттөн суранам, Чыңгыздын 100 жылдыгына бөлө турган каражаттарыңарды жөнөкөй элдин абалын оңдоого жумшайлы. Мындай сооп иш Чыңгыз агама болгон чыныгы сый-урмат, чыныгы эстелик болот",- деди ал.

Белгилей кетсек, Роза Айтматова коочулукка кайрылуу жасап, жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларды эмне үчүн кыргыз тилинде жазбаганы, Ош окуясы, өзбек элинин мурунку президенти Ислам Каримов менен байланышы, Аскар Акевдин президент болуп шайланышы, тутунган дини жана чыгармалары тууралуу кенен айтып берди. Ал бул маек аркылуу жазуучу тууралуу акыркы кездери айтылып жаткан кеп-сөздөргө чекит коюу керектигин билдирди.

Эскерте кетсек, Финполдун мурунку башчысы Сыймык Жапыкеев журналист Эрнис Кыязовдун подкастына интервью берип, Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына баа берген. Андан соң коомчулукта түрдүү карама-каршы пикирлер айтыла баштады. Бул маселе парламентте көтөрүлүп, Маданият министрлигине бул окуяга укуктук баа берүү тапшырмасы берилди. Бул арада Кыязов УКМКга чакыртылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: