super.kg logo

Окуучуларды башка мектепке которуу электрондук систем аркылуу жүргүзүлөт

 

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев окуучуларды бир мектептен экинчи мектепке которуунун электрондук механизмин киргизүү боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, бүгүнкү күндө өлкөдөгү 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык бала билим алат. Бирок окуучуну бир окуу жайдан экинчисине которуу процесси дагы деле кол жазма режиминде жүргүзүлүп, бул коррупциялык тобокелдиктерге жана мектептерге бирдей эмес жүк түшүүсүнө шарт түзөт.

"Биз ата-энелер көнүп калган биринчи класска электрондук каттоодон ийгиликтүү өттүк. Эми которууларда да ушундай тартипти орнотууга убакыт келди. Систем класстарда бош орундардын бар экендигин автоматтык түрдө көрсөтүп, чечим кабыл алууда адам факторун жокко чыгарышы керек. Бул мектептин администрациясынын жүгүн жеңилдетип, процессти ар бир ата-эне үчүн түшүнүктүү кылат",- деген Касымалиев.

Талкуунун жыйынтыгында өкмөт башчысы Агартуу министрлигине кыска мөөнөттө жалпы билим берүү уюмдарынын ортосунда окуучуларды которуунун электрондук системин иштеп чыгуу жана ишке киргизүү тапшырмасын берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: