super.kg logo

Бишкектеги мейманканалардын биринде жигит кызды бычактап таштады

 

Бүгүн, 26-январда Бишкектеги мейманканалардын биринде кыздын денеси табылды. Бул тууралуу шаардык милиция кабарлады.

Маалым болгондой, каргашалуу окуя Кулиев көчөсүндө катталды. Милициянын маалыматына караганда, узак убакыттан бери мамиледе болгон жигит менен кыз спирт ичимдигин ичип, ортодон чыр чыккан. Ал учурда кыз жигиттин колуна бычак сайган. Ал эми жигит кыздын моюнуна бычап сайып таштаган. Натыйжада кыз окуя болгон жерден каза болду.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду. Натыйжада 2002-жылы туулган Д.М. аттуу шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына камакка алынды.

Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: