Иран бийлиги митингдерде 30 миң адам каза болду деген маалыматты төгүндөдү
Ирандын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи Time журналынын 8-9 январь күндөрү нааразычылык акциялары учурунда каза болгондордун саны 30 миңге жетиши мүмкүн деген маалыматын төгүндөдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Time өз маалыматын Ирандын Саламаттык сактоо министрлигинин эки жогорку кызматкерине таянып жазган. Ал эми АКШда жайгашкан "HRANA" укук коргоо уюму башка маалыматты сунуштап, каза болгондордун саны 5,5 миңге жетип, 17 миң тактала элек факт изилденип жатканын билдирди.
Эскерте кетсек, Иранда массалык толкундоолор 28-декабрда башталган. 21-январда Иран бийлиги митингдер токтогонун жарыялап, 3100 демонстранттын каза болгонун тастыктады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:40
2026-02-13
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















