super.kg logo

Мексикада футболдук беттеш маалында ок атуудан 11 адам каза болду

 

Мексиканын Гуанахуато штатындагы Саламанка шаарында жайгашкан "Кампос де лас Кабаньяс" стадионунда футболдук беттеш учурунда болгон ок атууда кеминде 11 адам каза тапты. Бул тууралуу Quinta Fuerza порталы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, оюн жүрүп жаткан учурда эки автоунаада куралчан адамдар стадионго кирип келишкен. Алардын төртөө унаадан түшүп, элдин үстүнө баш аламан ок чыгара баштаган. Ок атуу учурунда стадиондо аялдар жана балдар да болгон.

Атуу бир нече мүнөткө созулуп, окуя болгон жерден 100гө жакын ок гильзасы табылган. Кол салган адамдар кайра из жашырып кетүүгө үлгүрүшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: