Өкмөт башчы ИДПнын көлөмү 2 триллион сомго жакындап калганын айтты
Бүгүн, 26-январда Ынтымак Ордодо өткөн жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкө ИДПнын өсүшү боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда мыкты көрсөткүчкө ээ экенин айтты.
Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, Касымалиев 2025-жылдын алдын ала жыйынтыктарын чыгарган.
"2025-жылы экономиканын өсүшү жогорку деңгээлде сакталып, акыркы 2 жылда 11 пайыздан ашты. Бул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана өнүгүүнүн туура багытта кетип жаткандыгын көрсөтөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 триллион 976,4 миллиард сомду түздү, башкача айтканда, дээрлик 2 триллион сомго жетти жана жылдын аягына карата такталган эсептөөлөр боюнча 2 триллион сомдон ашат деп күтүлүүдө.
Салыштыруу үчүн, 2022-жылы ИДПнын көлөмү 1 триллион 21 миллиард сомду түзгөн. 3 жылдын ичинде ИДПнын көлөмү эки эсеге өстү. 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүү ыргагы 11,1 пайызды түздү. Ошентип, акыркы төрт жылда ИДПнын реалдуу өсүүсүнүн орточо жылдык ыргагы 10,2 пайызга жетти. Бул аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүч болуп саналат",- деген ал.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















