super.kg logo

Адылбек Касымалиев экономиканын өсүшүнө салым кошкон тармактарды тизмектеди

 

Бүгүн, 26-январда Ынтымак Ордодо министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңешме жыйын өткөрүп, экономиканын өсүшүнө бардык тармактар салым кошконун билдирди.

Өкмөт башчы белгилегендей, курулуш сектору 21,1 пайызга, тейлөө сектору 10,9 пайызга, айыл чарбасы 2,2 пайызга өскөн. Өнөр жайда өсүү 10,7 пайызды түзүп, өнөр жай продукциясынын көлөмү дээрлик 800 миллиард сомго жеткен. Өзгөчө жогорку өсүш: фармацевтика тармагында 1,7 эсе, тамак-аш азыктарын өндүрүү 30,1 пайыз, резина жана пластмасса буюмдарын, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүү 35,7 пайыз, автомобиль өндүрүү дээрлик 2 эсе, химиялык продукцияны өндүрүү 19,8 пайыз, ошондой эле пайдалуу кендерди казып алуу 14,2 пайыз катталган.

"Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,4 пайызга көбөйүп, 374,6 миллиард сомду түздү, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды жана 2024-жылга салыштырмалуу 100 миллиард сомго көп. Негизги капиталга салынган инвестициялардын 24 пайыз же 90,3 миллиард сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул 2024-жылга салыштырмалуу 42,7 пайызга көп",- деген ал.

Касымалиев өлкөнүн ИДПсы 2 триллион сомго жакындап калганын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: