Орусия, АКШ жана Украина ортосундагы жаңы сүйлөшүүлөрдөн эмнени күтүү керек?
Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрү Абу-Дабиде өткөн сүйлөшүүлөрдүн алкагында украин кризисин жөнгө салууда белгилүү бир жылышка жетишти. Бул тууралуу "Известия" басылмасына сурамжыланган аналитиктер билдиришкен. Маалыматтарга караганда, кийинки сүйлөшүү айлампасы ушул аптада эле Бириккен Араб Эмираттарында өтүшү мүмкүн.
Алгачкы жолугушуу жемиштүү болгону менен, конкреттүү макулдашуулар расмий түрдө жарыяланган жок. Ошого карабастан негизги жыйынтык катары Москва менен Киевдин ортосунда түз сүйлөшүүлөр кайра жанданганы белгиленүүдө. Эске салсак, тараптардын акыркы түз жолугушуусу жарым жыл мурун Стамбул шаарында өткөн.
Ошол эле маалда бул процесстин фонунда Украинанын Куралдуу күчтөрү тарабынан Орусиянын аймактарына соккулар күчөгөнү байкалууда. Орусия ТИМинин маалыматына ылайык, мындай аракеттердин максаты - сүйлөшүү процессин кайрадан үзгүлтүккө учуратуу же ага Европа өкүлдөрүн кошуу болушу мүмкүн.

БАЭдеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы
Айрым ЖМКлар өз булактарына таянып билдиришкендей, Орусия, АКШ жана Украинанын делегацияларынын кийинки жолугушуусу келерки жумада Абу-Дабиде өтүшү ыктымал. Азырынча сүйлөшүүлөргө катышкан тараптар өз борборлоруна кайтып, жетекчиликке маалымат берип, жаңы көрсөтмөлөрдү алууда.
Расмий жыйынтыктар азырынча жарыялана элек. Бардык тараптар сүйлөшүүнү "конструктивдүү" жана "жемиштүү" деп мүнөздөшүүдө. Ошентсе да азыртан эле негизги жетишкендик катары Орусия-АКШ-Украина форматындагы үч тараптуу сүйлөшүү механизминин ишке киргени айтылууда. Мындай форматтын зарылдыгын буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп да белгилеген.
"Баары мүмкүн болгон деңгээлде жакшы өттү. Азыркы абалга ыраазыбыз",- деп билдирди америкалык расмий өкүлдөрдүн бири журналисттерге.
Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү процесси өткөн жумада жанданган. АКШнын делегациясынын атайын өкүлү Стив Уиткофф жана ишкер Жаред Кушнердин жетекчилиги алдында алгач Давосто өткөн дүйнөлүк экономикалык форумдун алкагында Кирилл Дмитриев баштаган орусиялык сүйлөшүүчүлөр менен жолугушту. Андан соң америкалык делегация Москва шаарына барды.
Москвада АКШ өкүлдөрүн - Стив Уиткоффту, Жаред Кушнерди жана АКШнын федералдык сатып алуулар кызматынын комиссары Жошуа Грюнбаумду - Орусиянын президенти Владимир Путин кабыл алды. Жолугушуу болжол менен төрт саатка созулган.

Анын жыйынтыктарын дүйнө эртеси эле көрдү - Абу-Дабиде Орусия, АКШ жана Украинанын катышуусунда коопсуздук маселелери боюнча үч тараптуу жумушчу топтун сүйлөшүүлөрү башталды. Сүйлөшүүлөр 23-24-январь күндөрү өттү.
Биринчи күнү жолугушуу төрт саатка, экинчи күнү үч сааттай убакытка созулду. Талкуулар жабык форматта, журналисттердин катышуусу жок өттү. Associated Press агенттигинин булактарынын маалыматына караганда, сүйлөшүүлөр жалпы үстөлдүн айланасында да, өз-өзүнчө топтордо да жүргүзүлгөн. Байланыш үчүн орус жана англис тилдери колдонулган.
Делегациялардын курамына караганда, сүйлөшүүлөрдүн негизги темасы коопсуздук маселелери болду.
Орусиянын делегациясынын курамына Коргоо министрлигинин өкүлдөрү кирип, аны Башкы штабдын башкармалыгынын жетекчиси Игорь Костюков жетектеди. Киев тараптан сүйлөшүүлөргө Улуттук коопсуздук жана коргонуу кеңешинин катчысы Рустем Умеров, президенттик аппараттын жетекчиси Кирилл Буданов, "Эл кызматчысы" фракциясынын башчысы Давид Арахамия жана Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын жетекчиси, генерал-лейтенант Андрей Гнатов катышты.
АКШнын сүйлөшүү тобуна атайын өкүл Стив Уиткофф, ишкер Жаред Кушнер, АКШнын Федералдык сатып алуулар кызматынын комиссары Жошуа Грюнбаум жана НАТОнун Европадагы бириккен куралдуу күчтөрүнүн командачысы Алексус Гринкевич кирди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео



















