super.kg logo

Сокулукта башка адамдын жерин мыйзамсыз ээлеп алууга шектелген аял кармалды

 

Сокулук районунда бөтөн адамдын жерин мыйзамсыз ээлеп алган деген шек менен 64 жаштагы аял киши кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга кайрылган Кожомкул айылынын 39 жаштагы тургуну айыл чарба багытындагы 3 гектар жер тилкесин белгисиз адамдар ээлеп алып, курулуш иштерин жүргүзгөндүгүн айткан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 212-беренеси (Бөтөн жер тилкесин өзүм билемдик менен ээлеп алуу жана максаттуу багытын бузуу менен айыл чарба багытындагы жерлерге өзүм билемдик менен курулуш куруу) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Облустук милиция учурда ушул сыяктуу арыздар менен дагы 15 жаран кайрылганын кошумчалады. Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: