Депутат Элдар Сулаймановдун мурунку жубайы зомбулукка кабылганы тууралуу билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурунку жубайы жолдошу тарабынан зомбулук көрүп келе жатканын билдирип, социалдык тармактан айрым сүрөттөрүн жарыялады.
Жубайлардын ортосунда үч баласы бар экендигин билдирген Асел Азаматова буга чейин милицияга жазылган төрт арыз боюнча эч кандай иш алып барылбагандыгын билдирип, акыйкаттык издөөдө.
Интеренет желесине тараган бул маалымат коомчулуктун көңүл чордонунда калып, кызуу талкууга түштү.
Азырынча депутат бул окуялар тууралуу үн ката элек.
Эскерте кетсек, январдын башында Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Аккулу Бердиевдин 38 жыл чогуу жашаган аялы Батма айым УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылып, жолдошу тарабынан зомбулук болуп жатканын билдирген. Бир күн өтүп экс-депутат кармалды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















