Элдин өкмөткө болгон ишениминин индекси айтылды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин администрациясынын аппараттык кеңешмесинде элдин өкмөткө болгон ишеним индексинин 2025-жылдын экинчи жарымындагы жыйынтыгы менен тааныштырды.
Өкмөттүн маалымат кызматы тараткан билдирүүдө, ал өз сөзүндө бул мониторинг Улуттук статистика комитети тарабынан ар бир жарым жылда жүргүзүлүп турарын эске салганы айтылат. Адылбек Касымалиев 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча индекс тарыхый рекорд коюп, 46,2 баллга жеткенин баса белгилеген. Бул 2024-жылдын көрсөткүчтөрүнөн 18 пайызга жогору.
"Индекстин мындай олуттуу өсүшү президент Садыр Жапаров тарабынан жүргүзүлүп жаткан саясий курска жана анын командасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжаларына калктын жогорку ишениминин түздөн-түз далили болуп саналат. Акыркы жылдары өлкөдө ишке ашырылып жаткан терең социалдык-экономикалык өзгөрүүлөр мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн сапаттык жактан жогорулашын жана алардын коомдун талаптарына багытталгандыгын ачык көрсөтүп турат",- деген Касымалиев.
Мындай изилдөө коомдук маанайдын өзгөрүшүн жана жарандардын мамлекеттик органдардын ишине болгон ишеним деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүндүк берет.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















