УКМК Ошто милициянын 2 капитанын кармады
Оштун Кара-Суу жана Араван райондук ички иштер башкармалыктарынын тергөөчүлөрү акча талап кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, Кара-Суунун Нариман айылынын аймактык милиция бөлүмүнүн тергөөчүсү К.у.О. атуу жарандан 3000 доллар талап кылган. Тагыраагы, милициянын капитаны ага карата 2024-жылы декабрында алдамчылык фактысы үчүн башталган текшерүү иштерин токтотуп берүүнү убада кылган.
Милициянын каптина О.Г. жана К.у.О.нун сүйлөшүүлөрүнө Араван райондук милициясынын тергөөчүсү, милициянын капитаны С.Н. ортомчулук кылган.
Атайын кызмат аталган милиция кызматкерлери 1600 долларды алып жаткан жеринен колго түшүшүп, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилгенин кошумчалады.
УКМК Ошто 2 милициянын капитанын кармады
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















