super.kg logo

№13 округдагы кайра шайлоо: 23 талапкер арыз берди 

 

№13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу үчүн 23 жаран БШКга арыз тапшырды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жарыяланды.

Талапкерлердин тизмеси:

  • Арстанбеков Акылбек Советбекович (02.04.1965) - "Кыргызстан" Топтолмо пенсиялык фонду, кеңештин төрагасы;
  • Маматаев Эркинбек Садирбекович (23.01.1972) - убактылуу иштебейт;
  • Асанов Уланбек Жалалович (30.11.1970) - "Эмитент виртуалдык активдери" ААКнун директорлор кеңешинин төрагасы;
  • Асамудинов Бактыбек Асанович (30.05.1966) - жактоочу;
  • Калматов Токторали Калдарович (29.05.1976) - жеке ишкер;
  • Чолпонов Уланычбек Калдарбекович (01.03.1981) - Базар-Коргон РЭТнин жетекчиси;
  • Матсаков Кадырбек Мусаевич (31.03.1977) - жеке адвокат;
  • Абдыразакова Гүлнара Пазылжановна (29.10.1976) - Түштүк региону боюнча бажы кызматынын бөлүм башчысы;
  • Мацаков Бакыт Калбаевич (01.06.1989) - "БОУЛ" ЖЧКнын директору;
  • Эгембердиев Арсланбек Абдыкайымович (22.03.1978) - убактылуу иштебейт;
  • Базаркулова Нурсыйда Манасовна (15.09.1973) - Бөкөнбаев атындагы жатак мектебинин мугалими;
  • Чомоев Алмазбек Алтынбекович (13.10.1979) - жеке ишкер;
  • Базарбаев Каныбек Сүйүнүчбекович (16.06.1969) - Майлуу-Суу шаардык ДМЧА коомунун жетекчиси;
  • Мансуралыев Залкарбек Медетбекович (01.01.1998) - “Кыргыз Петролеум Компани” ЖАК, юрист;
  • Исраилжан уулу Өсөрбек - (12.03.1992) - убактылуу иштебейт;
  • Койчуманова Нуркан Кадыровна - (17.09.1967) - Улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн төрайымы;
  • Нуриев Кубан Бактыбаевич - (15.08.1970) - Базар-Коргон районунун Ардагерлер кеңешинин төрагасы;
  • Атабекова Кызжибек Азимжановна - (11.01.1978) - “ГермесКом” ЖЧКсынын башкы директору;
  • Темирбаева Махсудахане Юлчиевна - (16.09.1963) - №50 "Эл Нуру" балдар бакчасынын директору;
  • Мурашев Нурбек Мурпазылжанович - (03.11.1975) - убактылуу иштебейт;
  • Абдималиков Уланбек Абдималикович - (26.07.1991) - “Эко Униформ” ЖЧКсынын башкы директору;
  • Абсалиев Ахматали Садырбекович - (23.04.1981) - убактылуу иштебейт;
  • Султанова Айжан Абдыкапаровна - (31.01.1986) - жеке ишкер.

Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоого талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.









 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: