super.kg logo

Депутат Сулаймановдун мурунку жубайы коргоого алынды. Милиция үн катты

 

Бишкек шаарынын милициясы Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурунку жубайынын кайрылуусу боюнча маалымат берди.

Белгилей кетсек, эл өкүлүнүн экс-жубайы Асел Азаматова коомчулукка кайрылып, мурдагы жолдошу тарабынан зомбулук көрүп келгенин жарыялады.

Берилген маалыматка ылайык, эл өкүлүнүн мурунку жубайы бүгүн, 26-январда милицияга арыз жазды. Анда ал мурунку жолдошу, депутат Сулаймановдон психологиялык басым көрүп жатканын жана ал тарабынан буга чейин зомбулук болгонунун билдирди. Учурда сотко чейинки териштирүү иштери башталып, ага тишелүү коргоо ордери берилди.

Бул факт борбор калаа милициясынын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Тергөө уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: