Санариптик сом берилет... Шайлоого катышууну жакшыртуу мыйзамы сунушталды
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев жарандардын шайлоого катышуу деңгээлин жогорулатууну көздөгөн мыйзам долбоорун иштеп чыкты. Документ Жогорку Кеңештин сайтында коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам шайлоочулардын добуш берүүгө катышуусун жогорулатуу, добуштарды сатып алуу менен күрөшүү, шайлоо күнү добуш берүүнү шайлоо тилкесинен тышкары жүргүзүү, айрым ченемдерди тактоо жана так эместиктерди жоюу маселерин камтыйт. Долбоордо көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору сунушталат.
Мисалы, шайлоочулардын шайлоого катышуусуна дем берүү мүмкүнчүлүктөрүн шарттоо каралган. Ал үчүн төмөнкүдөй демилгелер көтөрүлгөн:
- Добуш берген ар бир адамга шайлоону ким дайындап жатканына жараша президент же Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталган суммада санариптик сом берүү.
- Шайлоочулардын катышуусу 70 пайыздан ашкан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын республикалык бюджеттен каржылоо.
- Шайлоо күнү коомдук транспортто жол кирени бекер кылуу.
- Иш берүүчүлөр, алардын ичинде жеке компаниялар дагы кызматкерлерин шайлоого барып келиши үчүн убакыт берүүгө милдеттендирилет.
- Добуш сатып алуу менен күрөшүү боюнча фонд түзүү. Анда добуш сатып алуу тууралуу маалымат бергендерге акчалай сыйлык же грамота берилет.
Ошондой эле шайлоо күнү добуш берүүчү жайдан тышкары добуш берүүнү өткөрүү. Бул боюнча төмөнкүлөр каралган:
- Ден соолугунун абалы боюнча майыптар же адамдар добуш берүүчү жайдан тышкары добуш бере алышат.
- Милиция кызматкерлери, аскер кызматчылары, стационардык саламаттыкты сактоо жана социалдык камсыз кылуу мекемелериндеги адамдар үчүн аралыктан добуш берүүнү уюштуруу.
Буга чейин шайлоого себепсиз катышпагандарга чара көрүүнү сунуштаган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлган. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев иштеп чыккан.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















