super.kg logo

“Элит-Строй-Сити” компаниясына курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салынды

 
Бүгүн, 26-январда курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев социалдык тармактарга жарыяланган видеокайрылуунун негизинде “Элит-Строй-Сити” ЖЧКсынын өкүлү Бекжан Касымжанов менен жолугушуу өткөрдү.
Курулуш министрлиги билдиргендей, компаниянын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерди карап чыгып, тиешелүү кызматкерлерге бир катар тапшырмалар берилип, Ош облусундагы бардык курулуш объекттерин толук текшерип чыгуу зарылдыгы белгиленген.
Мындан тышкары, текшерүү иштери толук жыйынтыкталмайынча компанияга жаңы долбоорлор боюнча курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салынары эскертилген.
Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Ош шаарынын Касымбеков көчөсү 8а дарегинде курулуп жаткан “Манас” турак жай комплексинен батир сатып алган жарандардын видеокайрылуусу тараган. Кайрылуу 2025-жылдын күз мезгилинде тартылганы аныкталган.





“Элит-Строй-Сити” компаниясына курулуш иштерин баштоого убактылуу тыюу салынды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: