super.kg logo

АКШдагы катуу кар бороонунан улам жети адам каза болду 

 

АКШдагы катуу кар бороонунан улам жети адам каза болду. Бул тууралуу АКШнын Улуттук метеорологиялык кызматына таянуу менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, кырсыктан каза болгондор Техас, Теннесси жана Канзас штаттарында катталган. Ал эми Нью-Йорк шаарынын мэри өлүмдүн себептери такталып жатканын, бул акыркы жылдардагы эң катуу кышкы бороон экенин белгилеп, тургундарды үйдө болууга чакырган.

Кооптуу аба ырайы Техас штатынан Жаңы Англияга чейин жайылган. Мындан улам бир катар штаттарда өзгөчө кырдаал жарыяланып, мектептер жана жолдор жабылган. Мындан тышкары, 800 миң үй-бүлө электр жарыгысыз калганы айтылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: