Жети-Өгүздө ири алдамчылыкка шектелген шектүүлөр кармалышты
Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда ири алдамчылыкка шектелген шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, 29-декабрда Дархан айылынын тургуну 1986-жылы туулган М.Ж. арыз менен кайрылган. Анда 29-сентябрда белгисиз жарандар ага таандык 37 баш койду 510 миң сомго баалашкан. Бирок шектүүлөрдүн бири Тамга айылында жайгашкан жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик акттын жасалма нускасын калтырып, 265 миң сомун гана төлөп беришкен. Ал эми калган 245 миң сом акча каражатын беришкен эмес. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө жарандарды алдоо жолу менен жасалма документти колдонуп, дагы 9 жарандын мал-мүлкүн өз кызыкчылыгына пайдаланган шектүүлөр аныкталган. Бардыгы болуп 10 кылмыш иши козголгон.
Натыйжада 1989-жылы туулган Тамга айылынын тургуну Н.Г., 1986-жылы туулган Барскоон айылынын тургуну К.А. жана ошол эле айылдын тургуну 1995-жылы туулган М.С. кармалган. Жалпы материалдык чыгым 3 миллион 342 миң сомду түзүп, тергөө ишинин жүрүшүндө жабырлануучуларга 1 миллион 598 миң сом өндүрүлүп берилген. Учурда тергөө амалдары уланууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















