Өзбекстанда педофилдерди өмүр бою эркинен ажыратуу сунушталды
Өзбекстанда 14 жашка чейинки балдарга карата жасалган сексуалдык кылмыштар үчүн өмүр бою эркинен ажыратуу чарасын киргизүү сунушталды. Бул тууралуу "Өзбекстан-2030" стратегиясын ишке ашыруу боюнча мамлекеттик программанын долбоорунда айтылганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Документке ылайык, балдарга карата сексуалдык жана башка зомбулук менен байланышкан кылмыш иштерин тергөө прокуратуранын өзгөчө көзөмөлүндө болот. Ошондой эле, аялдар жана балдарга карата зомбулук жана басым боюнча иштерди иликтөө жана соттук кароо үчүн атайын даярдалган тергөөчүлөр менен соттор корпусун түзүү пландалууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:25
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















