Ошто күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу фактысы аныкталды
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери Ош облусунда күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатууну жана жүгүртүүнү аныктоо боюнча рейддик иш-чараларды өткөрүштү. Бул тууралуу 26-январда Салык кызматынан билдирди.
Анын жүрүшүндө тиешелүү уруксат берүүчү документтери жок, беш даана автоцистернаны колдонуу менен белгиленбеген жерлерде көчмө чекене соода жүргүзгөн күйүүчү-майлоочу материалдарды мыйзамсыз сатуу түйүндөрү аныкталды.
Аталган мыйзам бузуу фактылары боюнча автоцистерналардын ээлерине административдик айып салынып, транспорт каражаттары айып жайга токтотулду, күйүүчү-майлоочу материалдар алынды. Материалдар сот органдарына өткөрүлүп берилди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















