Айдаркенде 60 жаштагы жаран бир тууган агасынын колунан ажал тапты
Баткен облусунун Айдаркен шаарында 70 жаштагы жаран бир тууган инисин бычак менен сайып, ал каза тапты. Бул тууралуу Баткен облустук милициясы билдирди.
Маалым болгондой, 22-январь күнү саат 14:20 чамасында эки бир туугандын ортосунда мурдагы пикир келишпестиктерден улам чыр чыккан. Анын натыйжасында М.М. аттуу жаран бычак менен бир тууган инисинин көкүрөк тарабына бир жолу сайып жиберген. Алган жаракатынан жабырлануучу окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголду.
Шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















