super.kg logo

"Чындыкты билбей туруп..." Депутат Элдар Сулайманов билдирүү жасады

 

Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулайманов мурунку жубайынын билдирүүсү боюнча тарап жаткан маалыматтарга комментарий берди.

"Коомчулукка тараган бул маселе жеке мүнөздөгү, көптөн бери уланып келген үй-бүлөлүк пикир келишпестикке байланыштуу. Айтылып жаткан куру доомат билдирүүлөр бир тараптуу мүнөзгө ээ, бул үчүн укуктук баа берүүнү талап кылат. Эгер мен окуянын экинчи жагын толук айтып берсем, бүгүн мени сындап же жек көрүп жаткан адамдар да ойлоно тургандай жагдайлар бар. Бирок мен буга барбайм. Ошондуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбаныздар. Учурда мага карата күнөөнү тастыктаган соттун мыйзамдуу чечими жок",- деп билдирди Сулайманов.

Депутат бул жагдайдын толук жана адилет каралышына ачыктыгын кошумчалап, коомчулуктан жана ЖМКдан тиешелүү органдардын чечими чыкканга чейин шашылыш тыянак чыгарбоону суранды.

Эскерте кетсек, интернет желесине депутаттын мурунку жубайы Асел Азаматова жолдошу тарабынан зомбулук көргөнүн билдирип, социалдык баракчаларына сүрөттөрүн жарыялады. Милиция сотко чейинки териштирүү башталганын айтып, аялга коргоо ордерин берди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: