Орусия, АКШ жана Украина ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы этабы ушул жумада өтүшү мүмкүн
Кремль Орусия, АКШ жана Украина өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жаңы этабы жакынкы күндөрү башталышы мүмкүн экенин билдирди. Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков эксперттик деңгээлдеги консультациялар ушул жуманын ичинде улантыларын белгилеген.
Орус басылмалар жазгандай, Москва сүйлөшүү процессинин уланышын күтүп жатат. Буга чейин Орусиянын ТИМ башчысынын орун басары Сергей Рябков Украина боюнча сүйлөшүүлөрдө Анкоридж жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген негизги макулдашуулар корголуп жатканын айткан. Ал процесске ашыкча деталдар менен кирүү натыйжа бербесин кошумчалаган.
Ошол эле учурда Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Владимир Жабаров Украинанын президенти Владимир Зеленский тынчтык сүйлөшүүлөрүн атайлап создуктуруп жатат деген пикирди билдирди. Анын айтымында, Зеленский бийликте калуу үчүн сүйлөшүүлөрдү кечеңдетүүгө кызыкдар.
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















