super.kg logo

Каныбек Туманбаев жеке автомектептердин мамлекеттик башкарууга өтүшүн түшүндүрдү

 

Айдоочуларды даярдоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасын реформалоо жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 26-январда президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жеке автомектептердин өкүлдөрүнүн нааразычылык жыйынына байланыштуу социалдык тармактагы баракчасында комментарий берип жатып билдирди.

Анын айтымында, буга чейин айрым жеке автомектептерде айдоочулук күбөлүктөр сатылып келген жана бул көрүнүш жол кырсыктарынын көбөйүшүнө, адам өлүмүнө алып келген. 2025-жылы жол кырсыктары жана каза болгондордун саны 2024-жылга салыштырмалуу өскөнү да белгиленди.

Каныбек Туманбаев жеке автомектептер реформалар тууралуу алдын ала эскертилгенин, ошондуктан лицензияга байланыштуу айтылган дооматтар негизсиз экенин билдирди. Ал ошондой эле көптөгөн курсанттар теориялык экзамендерден өтө албай жатканы окутуунун сапатына байланыштуу экенин белгиледи.

Маалыматка ылайык, унаа каражаттарын каттоо жана айдоочулук күбөлүк берүү системасын толук реформалоо иштери башталды. Мындан ары айдоочуларды мамлекет көзөмөлдөгөн автомектептер гана окутат.

Жаңы бекитилген окуу стандартына ылайык, 2026-жылдын февраль айынын ортосунан тартып жаңы окутуу планы менен арыздар кабыл алына баштайт. Туманбаев бул реформалар кимдир бирөөгө каршы эмес, адам өмүрүн сактоо үчүн жасалып жатканын баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: