"Бала береке" бир жолку төлөмү 1-январдан баштап бериле баштады. Канча сомдон алышат?
Бир жолку “Бала береке” төлөмүн бийик тоолуу шартта жана алыскы, барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана ар бир кийинки баласын төрөгөн көп балалуу энелерге баласы бир жашка чыкканда чектелет. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.
Бир жолку “Бала береке” төлөмүн чектөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.
Ал төмөнкүдөй белгиленет:
Төртүнчү балага – 100 миң сом;
Бешинчи балага – 600 миң сом;
Алтынчы балага – 800 миң сом;
Жетинчи балага – 1 миллион сом;
Сегизинчи балага – 1 миллион 200 миң сом;
Тогузунчу балага – 1 миллион 500 миң сом;
Онунчу жана андан кийинки балага – 2 миллион сом.
Бир жолку “Бала береке” төлөмүн каржылоо булагы болуп республикалык бюджет эсептелет.
Бул төлөм бийик тоолуу шартта жана алыскы, барууга кыйын аймактарда вахталык метод менен иштеген иштерге, сезондук жумуштарга барган үй-бүлөлөргө берилбейт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















