super.kg logo
  Саясат  

№13 округда шайлоо: БШК Мансуралыевди талапкер кылып каттоодон баш тартты

 

Борбордук шайлоо комиссиясы №13 көп мандаттуу шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого өзүн-өзү талапкер катары көрсөткөн Залкарбек Мансуралыевди каттоодон баш тартты. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Маалыматка ылайык, Мансуралыев БШКга 21-январда арыз тапшырган.

Жумушчу топ Мансуралыевдин Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерге коюлуучу мыйзамдардын талаптарына ылайык келбестигин аныктап, аны талапкер кылып каттоодон баш тартууну сунуштаган.

УКМКнын Чек ара кызматынын маалымкатына ылайык, Мансуралыев депутаттыкка көрсөтүүнүн алдында республиканын аймагында акыркы 5 жылдан кем эмес туруктуу жашагандыгы тууралуу талапка жооп бербей тургандыгы аныкталган.

Мансуралыев 2021-жылы - 354 күн, 2022-жылы - 364 күн, 2023-жылы - 123 күн Кыргыз өлкөсүнүн аймагынан тышкары жүргөн. Мындан улам БШК аны талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Эске салсак, БШК Жалал-Абад облусунун №13 округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Мекеме аталган округда шайлоо бир ай ичинде кайра дайындаларын, мурдагы 14 талапкер кайра катыша албастыгын билдирген. Шайлоого талапкерлердин документтери 29-январга чейин кабыл алынат. Ал эми шайлоо ушул жылдын 1-мартында өтөт.

№13 шайлоо округу Масы айылы. Шайлоочулардын саны 159 миң 906. Шайлоо округуна Базар-Коргон шаарындагы №2423, 2428, 2140, 2141 шайлоо тилкелери, Кеңеш, Арстанбап-Ата, Сайдыкум айыл аймактары кирди.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: