super.kg logo

Чүйдө ГЭС куруучулардын эмгек акысын бербей койгон деп шектүү кармалды

 

Чүйдө чакан ГЭСтин курулушунда эмгек акыны төлөбөө фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр 26-декабрда милицияга жамааттык арыз менен Москва районунун 36 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, 32 жаштагы жаран 2024-жылдан тартып Ак-Суу капчыгайында жайгашкан чакан ГЭСтин курулушунда бетон иштерин аткаруу үчүн 25-30 жаранды тарткан. Бирок ал 2025-жылдын декабрь айы үчүн эмгек акыларын төлөбөй койгон.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон. Тергөө шектүү 2024-жылдын октябрь айында субподрядчы катары оозеки макулдашуунун негизинде "А.Г.Э." компаниясына таандык ГЭС-1 жана ГЭС-2 объекттеринде бетон иштерин жүргүзүүгө киришкени такталган. Анда 1 куб метр бетон куюунун баасы 5 500 сом деп макулдашылган. Ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн шектүүнүн жубайы жеке ишкер катары катталып, шектүүгө ишеним кат берилген.

Иштерге 100гө жакын жергиликтүү тургун тартылып, аларга саатына 200 сомдон эмгек акы төлөнүп келген. Бирок 2025-жылдын ноябрь айынан 8-декабрына чейинки мезгилде болжол менен 25 жумушчуга эмгек акы төлөнгөн эмес. Көрсөтүлгөн мезгилде 7200 куб метрлик бетон иштери аткарылганы, ошондой эле башка курулуш иштери жүргүзүлгөнү аныкталган. "А.Г.Э." компаниясынан шектүү жаран алган акчанын жалпы суммасы 43 миллион 446 миң 878 сомду түзүп, анын ичинен 3 миллион 115 миң сому салык катары төлөнгөн.

Учурда тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: