26-январда өлкөдө кандай окуялар орун алды?
Кечээ, 26-январда социалдык тармакта Жогорку Кеңештин депутаты Элдар Сулаймановдун мурунку жубайын Асел Азаматова мурунку жолдошу тарабынан зомбулук көрүп келе жатканын билдирип, денесиндеги көгала тактары бар сүрөттөрүн жарыялаган. Ал буга чейин милицияга жазылган 4 арыз боюнча эч кандай иш алып барылбагандыгын айтып чыкты.
Интеренет желесине тараган бул маалымат коомчулуктун көңүл чордонунда калып, кызуу талкууга түштү. Милиция сотко чейинки териштирүү башталганын айтып, аялга коргоо ордерин берди. Сулайманов аталган маалымат боюнча комментарий берип, коомчулуктан чындыкты толук билбей туруп жыйынтык чыгарбоону суранды.
Чыңгыз Айтматовдун бир тууган карындашы Роза Айтматова "Кабар" агенттигине маек куруп улуу жазуучунун айланасында айтылган кептерге жооп берди. Ал агасы эмне үчүн чыгармаларын кыргызча жазбай калганы боюнча карындашы түшүндүрмө берди. Ошондой эле Айтматова жазуучунун дарегине Ош окуясында жана Аскар Акаевдин президент болушунда тиешеси болгон деп айтылып келген дооматтарды четке какты. Ал өкмөттү агасынын 100 жылдыгына бөлүнчү каражатты элдин социалдык абалын жакшыртууга жумшоого чакыра турганын кошумчалады.
26-январда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев элдин бийликке болгон ишеними тарыхый рекорд жаратканын жар салды.
Бул күнү Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы турак үйлөрдүн биринен көмүр исине ууланып бир үй-бөлүнүн төрт мүчөсү каза болду.
Бишкек милициясы 26-январда шаардагы мейманканалардын биринде кыздын денеси табылганын билдирди. Маалыматта маркумга аны менен бирге спирт ичимдигин ичкен жигит бычак сайганы айтылат. Кечээ Баткен облустук милициясы Айдаркен шаарында 70 жаштагы жаран бир тууган инисине бычак сайып, ал каза тапканын кабарлады. Маалыматта кылмыш 22-январь күнү болгону белгиленген.
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















