"Заманбап мугалим" программасына кабыл алуу башталды
Агартуу министрлиги "Teach for Kyrgyzstan – Заманбап мугалим" программасына ачык кабыл алуу башталганын маалымдайт. Программа аймактардагы мектептерди колдоого жана жаңы муундагы мугалим-лидерлерди даярдоого багытталган.
Программага педагогикалык тажрыйбасы жок, бирок билим берүү тармагында иштөөгө кызыккан ар кандай кесиптин өкүлдөрү катыша алышат. Катышуучулар эки жыл бою айыл жана чакан шаарлардагы мектептерде иштешет. Программанын алкагында катышуучулар Борбордук Азиядагы Эл аралык университет менен биргеликте уюштурулган акысыз магистрдик программада билим алышат. Окуу процесси гибрид форматта өтүп, онлайн сабактар офлайн сессиялар менен айкалышат. Ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом жана эл аралык форматтагы магистр дипломун алышат.
Катышуучуларга расмий жумушка орношуу, стипендия, тажрыйбалуу педагогдордон насаатчылык жана туруктуу методикалык колдоо көрсөтүлөт. Ошондой эле жеке билим берүү долбоорлорун ишке ашырууга жана эл аралык Teach For All тармагына кошулууга мүмкүнчүлүк берилет. Программага төмөнкүлөр катыша алышат:
- жогорку билими бар жарандар;
- эки жыл аймактагы мектептерде иштөөгө даяр жарандар;
- балдар менен иштөөгө кызыккан жана кесиптик өнүгүүгө умтулган талапкерлер.
Өтүнмөлөр 2026-жылдын 25-майына чейин кабыл алынат.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















