super.kg logo

Айыл чарба министрлигинде пион өстүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды

 

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Бектен Бекболотовдун катышуусунда Кытайдын Heze Peony Development Service Center өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүлдү.

Тараптар анда Кыргызстанда гүл өстүрүү маданиятын, айрыкча пион өстүрүү мүмкүнчүлүктөрүн, климаттык шарттардын ылайыктуулугун, кайра иштетүү маселелерин талкуулашты. Ошондой эле Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы "Бир алкак - бир жол" демилгесинин алкагында тармактык кызматташтыкты өнүктүрүү келечеги тууралуу айтылды.

Белгилей кетсек, Heze Peony Development Service Center - Хэцзэ шаарындагы пион тармагын өнүктүрүүгө адистешкен борбор болуп саналат. Хэцзэ дүйнөдөгү эң ири пион өстүрүү жана кайра иштетүү борбору катары кеңири таанылган.

Аталган борбор агроөнөр жайды өнүктүрүүгө багытталган инфраструктуранын бир бөлүгү болуп, пион секторун кеңейтүүгө, анын экономикалык жана маданий маанисин жогорулатууга системдүү түрдө иш алып барат.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: