Ашууларда жол ачык, каттам бар
Бүгүн, 27-январда эл аралык жана жергиликтүү маанидеги жолдордо, ашууларда жол ачык, каттам үзгүлтүксүз жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирет.Маалыматка ылайык, Бишкек - Ош жолундагы Тɵɵ-Ашуу, Ала-Бел жана Тараз - Талас - Суусамыр жолундагы Өтмөк ашууларында себелеп кар жаап жатат. Ошондой эле Ош - Сары-Таш - Эркечтам унаа жолунун Тоң-Мурун ашуусунда, Бишкек - Нарын - Торугарт жолундагы Долон, Түз-Бел ашууларында жана Түп - Кеген жолунда жол ачык, каттам бар.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин сактоого, унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:07
2026-02-12
18:54
2026-02-12
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















