super.kg logo

Ысык-Көлдөгү жана Орто-Токой суу сактагычындагы канаттуулар эсептелүүдө

 
Ысык-Көлдөгү жана Орто-Токой суу сактагычындагы сууга жакын жана сууда сүзүүчү канаттууларга кышкы санак жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу 27-январда Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бул канаттуулардын саны жана таралышы боюнча алынган маалыматтар суу объекттеринин абалын, аймактын экологиялык балансын баалоого мүмкүндүк берет жана социалдык-экономикалык абалдын көрсөткүчтөрү катары кызмат кылат. Мындай экодемографиялык мониторинг жыл сайын - кышында, жазында жана күзүндө жүргүзүлөт. Адистердин айтымында, канаттууларды эсепке алуу өлкө аймагында жашаган канаттуулардын кышкы жана келгин түрлөрү менен таанышууга уникалдуу мүмкүнчүлүк берет.
Министрлик мындай иш-чаралар биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого жана жаратылышты туруктуу пайдаланууга өбөлгө түзөт, ал эми эсепке алуунун натыйжалары башкаруучулук жана жаратылышты коргоо чечимдерин кабыл алуу үчүн илимий негиз болуп кызмат кылат деп белгилейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: